Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы: Аппараттын алдына жаңы милдеттер коюлду

Жогорку Кеңеш 6307 22 Декабрь 2025 10:30
image1.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image6.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image6.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин аппаратынын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары Чыңгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза да катышты. 

Алгач төрага жаңы дайындалган аппараттын жетекчилерине Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын ишин жаңы багытта, жаңы шартта жүргүзүү талабын коюп: “Парламенттин иши аппараттын кызматына түздөн-түз көз каранды. Андыктан, ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин так аткарышы керек”,– деди. 

Ошондой эле тармактык комитеттердин ишин күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу: “Иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мыйзам долбоорлоруна байланышкан талкуулар чоң жыйында эмес, тармактык комитеттерде болушу керек. Депутаттар сунуштарын комитеттин отурумунда берип, ошол жактан мыйзамдар толук ийленип, иштелип чыкканда гана иштин сапатын көтөрүүгө болот. Андыктан, комитеттердин бөлүмдөрү тийиштүү документтерди сапаттуу түрдө, өз убагында даярдап берип турушу шарт”, – деди.