Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 17 Декабрь 2025 16:55
5337292431122173463.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp

Бишкек, 17.12.25. / Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп "Элдик" депутаттык тобунан Чыңгыз Ажибаев шайланды.

Жашыруун добуш берүүгө 87 депутат катышып, анын ичинен 82 депутат "макул", 5 депутат "каршы" добуш беришти.

Ал эми кийинки орун басары болуп "Адилет Кыргызстан" тобунан Жылдыз Таалайбек кызы шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында бардык 87 депутаттын 85и "макул", 2 депутат "каршы" добушун беришти.

Жогорку Кеңештин төрагасынын дагы бир орун басары болуп "Мекенчил" тобунан Карим Ханджеза шайланды. Ага жалпы 87 эл өкүлүнүн ичинен 73 "макул", 8 "каршы", ал эми 6 депутат добуш берген эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин парламенттин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулу шайланган.