Жогорку Кеңештин төрагасынын фондуна жыл сайын 30 млн сом бөлүнөт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 25 Июнь 2026 10:05
WhatsApp Image 2026-06-24 at 21.31.07.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын фондуна жыл сайын 30 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Маматалиевдин айтымында, фонддун эсебинен 200дөн ашык кайрылууга жардам берилген.

"Жалпы 87 адамга жардам берилген, 50 адамга материалдык көмөк, 74 билим берүү мекемелерине ар кандай жабдуулар, спорт тармагына жана жаштардын демилгелерине да колдоо көрсөтүлүүдө", - деп белгиледи төрага.

Ошондой эле Марлен Маматалиев айлыгы 54 миңди түзөрүн, жалпысынан 80 миңдин тегерегинде каражат аларын кошумчалады.