Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 2007 27 Август 2025 12:43
image8.jpg
image1 — копия.jpg
image7.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image2.jpg
image12 — копия.jpg
image9 — копия.jpg
image4 — копия.jpg
image3 — копия.jpg
image2 — копия.jpg
Алдыга
Артка
image8.jpg
image1 — копия.jpg
image7.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image2.jpg
image12 — копия.jpg
image9 — копия.jpg
image4 — копия.jpg
image3 — копия.jpg
image2 — копия.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүмдөрдүн, ошондой эле фракциялардын катчылыктарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары Нурбек Сыдыгалиев, Нурланбек Азыгалиев жана Жылдыз Садырбаева да катышты. 

Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу кезектеги сессия тууралуу сөз кылып, ага карата көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат алды.

“Быйыл парламенттин имаратында көптөгөн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, чоң жыйындар залы толугу менен жаңыланды. Ошондой эле Корея мамлекети менен жетишилген келишимге ылайык, жыйындардын жүрүшү санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылды. Бул Жогорку Кеңештин ишин жаңы багытта, жаңы форматта иштөөсүнө өбөлгө түзүшү керек. Андыктан аппарат кызматкерлери аталган маселеге астейдил көңүл бурушу кажет”, – деди ал.

Андан тышкары, ал тармактык комитеттердин ишин күчтөндүрүү талабын койду.

“Иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мыйзам долбоорлоруна байланышкан талкуулар чоң жыйында эмес, тармактык комитеттерде болушу керек. Депутаттар сунуштарын комитеттин отурумунда берип, ошол жактан мыйзамдар толук иштелип чыкканда гана иштин сапатын көтөрүүгө болот. Андыктан, комитеттердин бөлүмдөрү тийиштүү документтерди сапаттуу түрдө, өз убагында даярдап берип турушу шарт”, – деди. 

Муну менен катар жалпы мамлекеттин өнүгүшү парламенттин ишине түздөн-түз көз каранды экенин айткан төрага: “Ал эми Аппараттын кесипкөй иши жалпы парламенттин сапаттуу иштешине көмөкчү болот. Ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин өз убагында, так аткарышы керек”,– деп билдирди. 

Мындан сырткары жыйында алдыда жасалчу иштердин планы талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.