Жогорку Кеңештин төрагасы 14 балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды

Жогорку Кеңеш 6403 16 Июнь 2025 14:31
image2.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
image1.jpg
Алдыга
Артка
image2.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
image1.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу үй-бүлөсүнүн атынан өз каражатына он төрт балалуу Майрамбек Алыбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Төрага унааны тапшыруу учурунда өлкөнүн башкы байлыгы эл экенин белгиледи.

"Азыркы тапта калкыбыздын санын көбөйтүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты болууда. Айрыкча келечектеги демографиялык жагдайды эске алуу менен үй-бүлө институтун бекемдөө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүбүз кажет. Себеби, биз өлкөбүздү элибиздин аракети жана калкыбыздын көмөгү менен гана көтөрө алабыз. Айрым алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ", – деди ал.

Ошондой эле балдар бир ата-эненин гана эмес, жалпы мамлекеттин келечеги экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу Майрамбек Алыбаевдин үй-бүлөсү бардык кыргызстандыктарга үлгү экенин кошумчалады.