Жогорку Кеңештин төрагасы Майлуу-Суу жана Кочкор-Атадагы көйгөйлөрдү укту

Жогорку Кеңеш 28 август 2026 12:30
image1.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларындагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, Майлуу-Суу шаардык стадионунун абалын көргөн төрага аны жаңылоо долбоорун эки айдын ичинде даярдап, 2027-жылга бюджетке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Кыпчак-Талаа – Майлуу-Суу жолундагы реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жолду 2027-жылы толук бүткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Майлуу-Суудагы эски аскер бөлүгүнүн ордуна аскер лицейин уюштуруу сунушу, шаардагы таза суу маселеси жана өндүрүштү жандандыруу маселелери талкууланды.

Иш сапардын соңунда Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өтүп, жолдорду жана социалдык объектилерди оңдоо, таза суу, турак жай-коммуналдык шарттарды жакшыртуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча сунуштар айтылды.