Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Эрулан Көкүлов кесиптештерине трибунага чыккандарды укпай жаткандыктарына байланыштуу нааразычылын билдирди.
Бул жака чыккандарды таптакыр укпайсыздар. Базарда отургандай эле “кыжы-кужу” болосуңар. “Эмнеге сүйлөп жатканда эч ким укпай эле” деп комментарийге жазышат. Бири-бирибизди урматтайлы да! Бул жерге өкмөт келгенде эле үнүңөр чыкпай калат. Тизилип отурасыңар. Мен сүйлөгөндө кандай, ал эми өкмөт келгенде кандай отурганыңарды мен силерге видео факты менен көрсөтүп берем”,-деди ал.
Ага жооп катары Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу кесиптештерин сыйлап, өзү үчүн гана жооп берип, өкмөт менен парламенттин ортосуна от жакпай отурууну эскертти.
“Жалпы депутаттарга баа берүүгө акыңыз жок! Кесиптештериңизди сыйлап, өзүңүз үчүн жооп бериңиз. Экинчиден, өкмөт келгенде унчукпай калган эч ким жок. Өкмөт сизден айырмаланып, конкреттүү түрдө программаларды, маселелерди алып келет. Кунт коюп угабыз, суроолорду беребиз. Эгерде сизге окшоп ойду-тоону сүйлөсө, анда ошондой жооп болмок. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосуна бир депутат эч качан от жакпаш керек. Биздин максатыбыз – мамлекетти өнүктүрүү жана элдин бакубат жашоосун камсыз кылуу болушу керек. Ушунун негизинде өсүп-өнүгүүлөр болуп жатат. Сиз кимден коркосуз, кимден коркпойсуз ал сиздин ишиңиз. Биз да сизден коркпойбуз. Кыргыздын “сыйга – сый, сыр аякка - бал” деген жакшы сөзү бар. Сыйга татыктуусузбу, ошого жараша сыйлайбыз. Татыктуу эмессизби, ошого жараша баа берилет”,-деди төрага.