Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти.
Иш сапардын алкагында төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин отурумуна жана 58-пленардык жыйынына катышат.
Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сөз сүйлөйт.
Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Арсланбек Малиев, Бактыяр Калпаев жана Карим Ханджеза бар.