Жогорку Кеңештин төрагасы делегаттарды орчундуу маселелерди көтөрүүгө чакырды

Жогорку Кеңеш 2503 25 Декабрь 2025 14:00
1.jpg
602975940_890555223421545_4902010667581839148_n.jpg
604525453_890555180088216_1008190993609962043_n.jpg
604545639_890555413421526_6943517897963540381_n.jpg
604735461_890555243421543_3087404740737480682_n.jpg
605195316_890555310088203_4703903735491663372_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
602975940_890555223421545_4902010667581839148_n.jpg
604525453_890555180088216_1008190993609962043_n.jpg
604545639_890555413421526_6943517897963540381_n.jpg
604735461_890555243421543_3087404740737480682_n.jpg
605195316_890555310088203_4703903735491663372_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайга катышууда. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Курултайда төрага Жогорку Кеңештин жаңы шайланган VIII чакырылышы тууралуу учкай кеп кылып, элдин элегинен өтүп келген эл өкүлдөрү мамлекеттин өнүгүшүн мыйзамдык жактан колдоону башкы максат катары койгонун баса белгиледи.

Ошондой эле ал VIII чакырылыш ишин олуттуу мыйзамдарды кароо менен баштаганын, кечээ эле 2026-жылга тиешелүү республикалык бюджеттин долбоору бекитилгенин эске салды.

"Аталган долбоор мамлекетибиздин кийинки жылга карата каржылык туруктуулугун тастыктаган башкы документ болуп эсептелет. Депутаттар мыйзамды кабыл алуу менен катар анын аткарылышын дагы тыкыр көзөмөлдөйбүз. Бул үчүн бизде ыйгарым укуктарыбыз толук жетиштүү", – деп кошумчалады.

Муну менен катар, Нурланбек Тургунбек уулу курултайда орчундуу маселелер талкууланышы керектигин белгилеп, делегаттарды мамлекеттин багытын, келечегин аныктай турган маанилүү демилгелерди көтөрүүгө чакырды.