Бишкек, 25.05.2025. /Кабар/. 25-27-май күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Арменияга расмий сапар менен барат.
Парламенттен билдиришкендей, сапардын алкагында төрага Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулайт.
Муну менен катар жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар да мерчемделген.
Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар.