Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Загрузка... 14 Январь 2026 11:45
DST_7824_3aohjGZ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

– КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордун белгилөө;

– КР Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына бир фракциядан, депутаттык топтон 4төн ашпаган мүчө кирет;

– манжалардын издери боюнча жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу функциясы бар добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен добуш берүүнүн колдонуу мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып белгилөө сунушталууда.