Жогорку Кеңештин комитети венчурдук каржылоо мыйзамын I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 02 Март 2026 14:22
2343033.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. 

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев белгилегендей, мыйзам долбоору өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга, заманбап рыноктун талаптарына, венчурдук ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн жалпыга таанылган эл аралык эрежелерине ылайык инвесторлорго жагымдуу укуктук режимди жана кепилдиктерди түзүү аркылуу стартаптарга, ошондой эле инновациялык компанияларга венчурдук инвестицияларды стимулдаштырууга багытталган.

Мыйзамдык деңгээлде төмөнкү түшүнүктөрдү бекитүү сунушталууда: «венчурдук каржылоо (инвестициялар), венчурдук инвестор, венчурдук башкаруучу, венчурдук фонд, бизнес-ангел жана стартап». 

Талкуу маалында депутат Болот Сагынаев стартаптарга венчурдук инвестицияларды стимулдаштыруу жана венчурдук фонддордун ишин жөнгө салуу механизмдерине көңүл бурду.

Депутат Салтанат Аманова венчурдук каржылоонун өзгөчөлүктөрү, венчурдук фонддордун уставдык капиталынын минималдуу жана максималдуу өлчөмдөрү тууралуу маселелерди тактады.

Депутат Гүлшаркан Култаева венчурдук фонддордун ишин уюштурууга жана жөнгө салууга коюлуучу талаптарга кызыгып, болжолдуу тобокелдиктерге байланыштуу көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. 

Комитет төрайымы Токтобүбү Ашымбаева республикадагы «бизнес-ангелдердин» саны, венчурдук фонддорду түзүү шарттары жана жогорку окуу жайларынын базасында түзүлгөн стартап-долбоорлорду колдоо механизмдери тууралуу суроолорду узатты. 

Жалын Жээнaлиев өлкө боюнча бир «бизнес-ангел» бар экенин айтып, мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин алардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.