Уюшкан кылмыштуулукка каршы чаралар күчөтүлөт: ЖК комитети демилгени колдоду

Жогорку Кеңеш 998 17 Февраль 2026 15:00
635206439_1224348693211684_1529332200426491376_n.jpg
637050408_1224348786545008_8981523118725378432_n.jpg
637431293_1224348803211673_5733458758360938248_n.jpg
633051549_1224348809878339_2172599301993252819_n.jpg
633173331_1224348686545018_8613862813911233052_n.jpg
634516919_1224348673211686_5676464260935686767_n.jpg
Алдыга
Артка
635206439_1224348693211684_1529332200426491376_n.jpg
637050408_1224348786545008_8981523118725378432_n.jpg
637431293_1224348803211673_5733458758360938248_n.jpg
633051549_1224348809878339_2172599301993252819_n.jpg
633173331_1224348686545018_8613862813911233052_n.jpg
634516919_1224348673211686_5676464260935686767_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу, Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоого ээ болду.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган комитет төрагасы Болотбек Борбиев мыйзам долбоору уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана аны биротоло жок кылуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Анын негизинде кылмыштардын рецидиви түшүнүгүн кайра киргизүүнү кароо жана мүлктү конфискациялоонун айрым маселелерин чечүү сунушталууда.

Андан тышкары, жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда колдоо тапты.

Борбиев мыйзам долбоору менен тааныштырып, ал аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун ийкемдүү жана гумандуу системасын түзүү, ошондой эле алардын аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыкканын билдирди.