Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бир катар ведомстволордун жетекчилеринин талапкерлигин жактырды.
Ошентип, депутаттар төмөнкү талапкерлерди дайындоого макулдугун беришти:
- Шабданбеков Жумгалбек Кумаровичти — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматына;
- Шамырканов Урматбек Муслимовичти — өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына;
- Токтобаев Акыл Токтобаевичти — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызматына;
- Солтобаев Талантбек Осмонбаевичти — транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына.