Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 1-сентябрда башталат

Жогорку Кеңеш 31 август 2025 12:00
Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 1-сентябрда башталат

Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Эртең, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясынын ачылышы болот.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.