Жогорку Кеңештин депутаттары "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом Загрузка... 01 Апрель 2025 15:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештеги "Ынтымак" жана "Альянс" фракцияларынын депутаттары "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мекеменин заманбап шарттары жана ишмердүүлүгү менен президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Раимбеков тааныштырып, “Түндүк” тиркемесин күчтөндүрүү жана жаңы кызматтарды киргизүү иштери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, мекемеде 170 кызматкер үчүн иш орундары түзүлүп, учурда 110 кызматкер иштөөдө.

Ал эми санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министринин милдетин аткаруучу Азамат Жамангулов жарандар жана мамлекеттик органдар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейте турган “Түндүк” тиркемесинин глобалдык жаңылануусу, алдыдагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Эскерте кетсек, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 180ден ашык кызматтар бар. Күнүгө порталга 100 миңден 130 миңге чейин жаран кирип, ар кандай кызматтарды алат.