Бишкекте "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин заманбап имараты ачылды.
Жалпы аянты 1476 чарчы метрди түзгөн "Учкун" типографиясынын имаратында жайгашкан жаңы кеңседе натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар каралган. Мында 175 адиске ылайыкталган кенен кеңселик бөлмөлөр, конференц-зал, эс алуу бөлмөлөрү, ашкана, намазкана, жуунучу бөлмөлөр жана стол тенниси залы бар.
"Кабар" агенттигинин сүрөтчүсү заманбап жасалган имараттын кадрлары менен бөлүшөт.