Жогорку Кеңештин депутаттары Беларустагы президенттик шайлоого байкоо салышты

Жогорку Кеңеш 3100 27 Январь 2025 11:58
474920289_930221422624414_5199097883967582007_n.jpg
475082168_930221189291104_2176281019433758561_n.jpg
475160716_930221329291090_4575462069616064708_n.jpg
475053960_930221202624436_2567562296680101122_n.jpg
475136654_930221199291103_2199321778869048898_n.jpg
Алдыга
Артка
474920289_930221422624414_5199097883967582007_n.jpg
475082168_930221189291104_2176281019433758561_n.jpg
475160716_930221329291090_4575462069616064708_n.jpg
475053960_930221202624436_2567562296680101122_n.jpg
475136654_930221199291103_2199321778869048898_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Эл аралык байкоочулар миссияларынын курамында Беларусь Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторинг жүргүзүштү.

Парламенттен билдиришкендей, КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Сыдыков, Бахридин Шабазов, Алтынбек Кылычбаев кирди. Ал эми ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар тобуна Улукбек Ормонов, Алишер Эрбаев, Эльмурза Сатыбалдиевдер кирди. Депутаттарды Жогорку Кеңештин КМШ ПАА, ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев коштоп жүрдү.

Эл өкүлдөрү Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова, Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Игорь Карпенко жана талапкерлер менен жолугушту. Муну менен катар Жеңиш эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Белгилей кетсек, КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын Эл аралык байкоочулары шайлоо участокторуна барып, 2025-жылдын 26-январында өткөн добуш берүү процессине байкоо салышты. Бул күнү Минск шаарында 701 участок, ал эми бүткүл өлкө боюнча 5325 участок иштеди.