Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын Жайнак Үсөн уулу жетектейт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Февраль 2026 14:55
635119920_1225181663128387_1876401174292244655_n.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Жайнак Үсөн уулу жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында мол тажрыйбага ээ. Алсак, 2015-2019-жылдары НТС телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019-2020-жылдары Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген.

Муну менен катар, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамынын демилгечилеринин жана авторлорунун бири. Мындан тышкары, Жайнак Үсөн уулу санариптик телеберүүгө өтүү жана аны ишке киргизүү багытында кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүп, 2015-2019-жылдары "Санариптик технологиялар" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эмгектенген.

Буга чейин Басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген Жайыл Русланов Жогорку Кеңештин төрагасынын спичрайтери болуп дайындалды.