Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчилери дайындалды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Декабрь 2025 17:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Кутман Турсункулов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Ал эми Мария Исанова аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, Нарынбек Кубатбек уулу орун басары болуп бекитилди.

Тиешелүү тескемелерге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кол койду.

Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган кызматтарды аркалап келген Алайбек Алымбаев төраганын кеңешчиси болсо, Элмира Эшенкулова Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин бөлүм башчысы, ал эми Искендер Сулайманов Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин бөлүм башчысы кызматына киришти.