Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже менен кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Жолугушууда парламенттер аралык диалогду тереңдетүү жана мыйзам чыгарууда тажрыйба алмашуу маселелери көтөрүлдү.
Өзгөчө көңүл KOICA аркылуу парламентти санариптештирүү долбоорлорун тездетүүгө бурулду.
Элчи кыргыз-корей алакасын бекемдөө анын дипломатиялык миссиясындагы артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.