Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев мурда өрт катталган Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук илим изилдөө институтун оңдоо иштери кечеңдеп жатканын билдирди.
Анын айтымында, оңдоо иштерине каражат бөлүнгөн, бирок иш жылбай атат. "Ал жакта 150дөй бала операцияны күтүүдө. Оңдоо иштери тездетилсе жакшы болмок. Оорулуу балдардын ата-энелери ушул маселеси чечип берүүнү сурашууда", - деген депутат президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
Эскерте кетсек, кышында аталган ооруканада өрт болуп, натыйжада 1 жана 17 жаштагы эки бейтап каза болгон.