Жогорку Кеңеште жаңы комитет түзүлдү

Жогорку Кеңеш 17 декабрь 2025 15:51
Жогорку Кеңеште жаңы комитет түзүлдү
copyright icon Жогорку Кеңеш

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын жыйынында убактылуу бирдиктүү комитеттин төрагасы Улан Примов жаңы 8-комитетти - Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык саясат комитетин түзүү сунушун киргизди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Жогорку Кеңештин мурда иштеп келген комитеттерин, ошондой эле сунушталган жаңы комитетти колдошту.