Жогорку Кеңеште "Жаштар диалогу – 2026" иш-чарасы өттү

Жогорку Кеңеш 1241 27 Февраль 2026 18:32
image6.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
Алдыга
Артка
image6.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентте уюштурулган "Жаштар диалогу – 2026" иш-чарасына катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Төрага өз сөзүндө өлкө калкынын 2,5 миллионун жаштар түзөрүн белгилеп, келечек ээлерине шарт түзүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.

Марлен Маматалиев жаштар менен байланышты чыңдоо максатында Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлгөнүн жарыялады.

"Бул кеңеш жаштардын укуктарын коргоо, алардын коомдук-саясий жана экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында жигердүү иш алып барат", — деди ал.

Төрага акыркы жылдары өлкө экономикасындагы оң өзгөрүүлөрдү жана президент Садыр Жапаровдун жаштар саясатына берип жаткан өзгөчө маанисин атап өттү. Ал жаштардын жаңы демилгелерин ишке ашырууга парламент ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Иш-чарага ар кыл тармактын жаш адистери, студенттер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышты.