Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу: Парламентте жумушчу топтун жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 2989 13 Апрель 2026 16:12
672683369_1267945938851959_7390497817904792371_n.jpg
669473414_1267946008851952_3879375099817891715_n.jpg
668689386_1267945822185304_8739441364212231755_n.jpg
671876157_1267945828851970_5868119992167905686_n.jpg
Алдыга
Артка
672683369_1267945938851959_7390497817904792371_n.jpg
669473414_1267946008851952_3879375099817891715_n.jpg
668689386_1267945822185304_8739441364212231755_n.jpg
671876157_1267945828851970_5868119992167905686_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) байланышкан депутаттык жумушчу тобунун жыйыны өттү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйынга депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Төрага өлкөдөгү реформалар менен долбоорлорго токтолуп, бул багытта өнөктөштөрдүн колдоосу өтө маанилүү экенин айтты.

Анын айтымында, 2030-жылга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр пландалууда:

  • Ички дүң продукция (ИДП) кеминде 30 млрд долларга жеткирүү;
  • ИДПны жан башына 4,5 миң долларга чейин көтөрүү;
  • Реалдуу экономикалык өсүштү жыл сайын 8%дан кем эмес деңгээлде кармоо.

Төрага Марлен Маматалиев бул отурум глобалдык максаттарды талкуулоо жана аларды ишке ашырууда парламенттин ролун кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча экенин белгиледи. Ошондой эле Жогорку Кеңеш бул стратегиялык максаттарга жетүү үчүн керектүү укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушу зарыл экени белгиленди.