Жогорку Кеңеште төраганын биринчи орун басары кызматы киргизилүүдө

Жогорку Кеңеш Загрузка... 16 Январь 2026 12:42
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Бул Мыйзам Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынды.

Алсак, кабыл алынган мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

— Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматын белгилөө;

— Жогорку Кеңештин комитетинин курамына бир фракциядан же депутаттык топтон 4төн ашык эмес депутаттын кириши;

— Манжа изи жана (же) бет түзүлүшүн (геометриясын) таануу функциясы бар электрондук добуш берүү тутумун колдонууну 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизүү сунушталууда.