Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары 17-декабрдагы жыйында комитет төрагаларын шайлоо маселесин карашты.
Парламенттен билдиришкендей, депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагалары болуп шайланды:
- Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Элдар Сулайманов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Бакыт Тентишев Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Токтобүбү Ашымбаева Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Куванычбек Конгантиев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Алтынбек Кудайбердиев Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Гүлсүнкан Жунушалиева Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна.
Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.