Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Аталган мыйзамдын демилгечилери – депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Толонов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов.
Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырып, депутаттардан түшкөн сунуштарга токтолду.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык жашыруун добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тике шайлоо укугунун негизинде мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органы – Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы механизми каралууда.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев аралыктан добуш берүүнү киргизүү менен байланышкан тобокелдиктерге көңүл бурду. Депутат Элдар Абакиров "аялдардын квотасы" деген сөздөрдү "бир жыныстагы адамдардын квотасы" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштаса, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков шайлоо округдарынын чектерин аныктоо маселесине токтолду.
Андан тышкары, депутат Талант Мамытов шайлоолордун таза өтүшү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин эске салды. Ал эми эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков сунушталып жаткан 300 миң сомдук шайлоо күрөөсү өзүн өзү көрсөткөн жаш талапкерлер үчүн өтө оор жүк болорун айтып, бул алардын шайлоого катышуусун чектеши мүмкүн деген пикирин билдирди.
Өз кезегинде депутат Камила Талиева талапкерлер үчүн муниципалдык же мамлекеттик кызматта кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы болууга тийиш деген норманы мыйзамга кошууну сунуштады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Андан тышкары, жыйында президент тарабынан демилгеленген "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" КР мыйзамына ылайык келтирүү жанаКР президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары, конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин КР Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.