Жогорку Кеңеште санариптештирүүнүн биринчи этабы аяктады

Жогорку Кеңеш 8 апрель 2026 10:23
Жогорку Кеңеште санариптештирүүнүн биринчи этабы аяктады

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитети 7-апрелде онлайн жыйын өткөрүүсү оң натыйжаларды берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, калган комитеттер да кийинки жумадан баштап онлайн жыйындарды өткөрөт.

Муну менен санариптештирүүнүн биринчи этабы аяктады, эми документтештирүү этабы жыйынтыкталат.