Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу иши жана реформалар талкууланды

Жогорку Кеңеш 1180 19 Январь 2026 12:12
1.jpg
615358894_908674801609587_4123493049648564032_n.jpg
615362260_908674941609573_6084815810534685287_n.jpg
615362629_908674884942912_2796934276819804512_n.jpg
615372090_908674974942903_5797704339573602716_n.jpg
615495339_908674838276250_4555396327380580681_n.jpg
615827124_908674864942914_2087768602153471600_n.jpg
616088477_908674994942901_6958772679533457440_n.jpg
616124690_908674741609593_3384967403605514920_n.jpg
617613253_908674754942925_5360167408601352593_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Анда парламенттин ишмердүүлүгүнө жана мыйзам чыгаруу ишине байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Жогорку Кеңеш өлкөдөгү негизги бийлик бутагы экенин, мыйзамдардан тышкары, мамлекетке керектүү реформалар, тиешелүү долбоорлордун баары парламенттин кароосунан өтмөйүнчө ишке ашпай турганын белгиледи.

"Башка бийлик бутактарынын өкүлдөрү да парламенттин кароосунан өтүп, андан кийин гана бекитилет. Андыктан, аталган маселеге астейдил көңүл буруп, ар бир орган өзүнүн милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүнүшү керек", – деди ал.

Муну менен катар мыйзам чыгаруу ишиндеги айрым жагдайларга токтолгон төрага тармактык комитеттер сунушталган долбоорлорду ийине чыгара талкуулап, андан соң гана жалпы парламенттин кароосуна киргизиши керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште ачык-айкындуулук жана сөз эркиндигин бекем сакталарын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу депутаттар кандай маселе болбосун пикирин ачык айтып, жыйындардын бардыгы түз эфирде коомчулукка көрсөтүлө берерин кошумчалады.