Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу иши толугу менен санариптештирилүүдө

Жогорку Кеңеш 1312 05 Июнь 2026 13:20
713929182_1310855684560984_8610654994095387824_n.jpg
715512025_1310855584560994_6299622068438426136_n.jpg
716070024_1310855731227646_3477566185634359149_n.jpg
716332925_1310855577894328_3056895336076822359_n.jpg
716987111_1310855707894315_5895832228017307939_n.jpg
716987180_1310855661227653_5576010765549055315_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу иши толугу менен санариптештирилүүдө. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Күн мурун төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамга өзү электрондук кол тамгасын коюп, президенттин кароосуна жөнөтүү менен парламентти санариптештирүүгө багытталган иштердин кезектеги этабына старт берди.

"Мындан ары бардык мыйзам долбоорлору жана аларга тиркелген коштоочу документтер парламенттин кароосуна да электрондук форматта киргизилет. Кабыл алынгандан кийин дагы электрондук кол тамгалар коюлуп, президентке жөнөтүлөт. Бул багытта Жогорку Кеңештин регламентине да тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин комитеттердин жыйындарына маселеге тиешелүү жактарды онлайн катыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, бул туруктуу негизде уланууда. Ошондой эле коомдук кабылдаманын иши да толугу менен санариптештирилип, жасалма интеллекттин жардамы менен жарандардын кайрылууларын электрондук форматта кабыл алуу жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, мындай кадамдар документ жүгүртүүнүн ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун камсыздоого, документтерди сактоо жана издөө процесстерин жеңилдетүүгө жана депутаттар менен жарандардын байланышын чыңдоого өбөлгө түзүүдө.