Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бүгүн парламент төрагасы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Парламенттен билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары, депутаттык топтордун башчылары, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппарат жетекчилери катышты.
Анда парламенттин ишмердүүлүгүнө жана мыйзам чыгаруу ишине байланышкан бир катар маселелер талкууланып, эл аралык иш-чараларга тиешелүү сунуштар каралды.
Марлен Маматалиев чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштурууда бардык депутатка бирдей мүмкүнчүлүк түзүү талабын коюп, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине аталган маселе боюнча керектүү иштерди алып барууну тапшырды.
Ошону менен катар мыйзам чыгаруу ишин жакшыртуу жана санариптештирүү саясатын күчтөндүрүү жаатындагы пикирлерин айтып, бул жаатта жасалып жаткан иштерге токтолду.
Мындан тышкары, жыйында Координациялык кеңештин мүчөлөрү айрым комитеттердин аталышын кайра карап чыгуу жана отурумдарга чакырылгандардын онлайн катышуусун камсыздоо жаатындагы сунуштарын беришти.