Жогорку Кеңеште Иманалы Айдарбековго арналган китептин жана даректүү тасманын бет ачары өттү

Жогорку Кеңеш 4890 19 Сентябрь 2025 17:30
549768052_1105245481788673_4297633407027211187_n.jpg
549200547_1105245778455310_2410730010093309017_n.jpg
548216540_1105245508455337_3761600864392595592_n.jpg
548331051_1105245681788653_7210050006441358109_n.jpg
548333171_1105245511788670_5206949293268044697_n.jpg
548590065_1105245661788655_3568900727219684737_n.jpg
548688890_1105245885121966_6121781129264010716_n.jpg
548714517_1105245601788661_4925145352902726648_n.jpg
548977474_1105245701788651_3981983937186704861_n.jpg
549161404_1105245598455328_4870539533716788704_n.jpg
549188268_1105245755121979_2477666357167930692_n.jpg
549467469_1105245908455297_2712914375575469035_n.jpg
550156199_1105245805121974_4423570828119496226_n.jpg
550214933_1105245568455331_3414245660067899789_n.jpg
550392536_1105245861788635_6987830774561942027_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Жогорку Кеңеште Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана анын туңгуч жетекчиси, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбековго арналып жазылган "Биринчи" китебинин жана даректүү тасманын бет ачары өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, ошондой эле Иманалы Айдарбековдун туугандары катышты.

Нурбек Сыдыгалиев өз сөзүндө Иманалы Айдарбеков кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында чоң роль ойногонун белгилеп: "Улуу инсан Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө активдүү катышып, анын биринчи жетекчиси катары келечектеги мамлекетибиздин негизин түптөгөн", - деди.

Нурбек Сыдыгалиев ошондой эле китептин жана даректүү тасманын жаратуучуларына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Миталип Мамытов, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов, депутат Кундузбек Сулайманов жана башкалар дагы өз сөздөрүндө Иманалы Айдарбековдун кыргыз мамлекетинин жаралышына жана өнүгүшүнө кошкон салымын белгилешип, залкар инсандын өмүр жолундагы негизги учурларга токтолушту.

Анын ичинде Медеткан Шеримкулов Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев өндүү аталардын ысымдарын даңазалап, унуткарбоо үчүн мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруунун зарылдыгын кошумчалады.

Мамлекетти түптөөчү аталар өз элине берилүү менен кызмат кылганын эскерген депутат Чыңгыз Айдарбеков алардын өмүр жолу мекенчилдиктин жана өз милдетине берилгендиктин чыныгы үлгүсү экенин белгилеп, китептин жана даректүү тасманын авторлоруна ыраазычылык айтты.

Иш-чаранын соңунда даректүү тасма көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, "Биринчи" китебинин авторлорунун бири президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев жана тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов. Ал эми даректүү тасма "Медиа-Хаб" долбоорунун тобу тарабынан тартылган.