Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Мамлекеттин келечегин түптөгөн мугалимдердин учурдагы абалы, кадыр-баркы жана ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Илим Кубанычбеков билдирүү жасап, тынчсыздануусун билдирди.
Ал өз сөзүндө, сапаттуу билим берүүнү талап кылуудан мурда, мамлекет тарабынан мугалимдерди сыйлоо маданиятын калыптандыруу жана бул багытта катуу талаптарды коюу керектигин айтты.
“Мугалим бул – президентти, депутатты, дарыгерди, аскерди да тарбиялаган улуу инсан. Бирок, тилекке каршы, учурда мугалимдерибизди тийиштүү деңгээлде коргой албай жатабыз. Мугалимдерге карата урмат-сыйдын төмөндөшү, зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү олуттуу көйгөйгө айланды. Акыркы убакта коомдо кооптуу тенденция күчөп, мугалимдерге ата-энелер тарабынан кол көтөрүү, орой мамиле жасоо фактылары кездешүүдө. Окуучулардын мугалимдерди сыйлабастыгы, соцтармактарда мугалимдерди мазактоо жөн эле тартип маселеси эмес, мамлекеттин пайдубалына урулган сокку деп билем. Эгер мугалимди сыйлабаган коом болсо, ал коомдун келечеги да күмөн болот”,- деди эл өкүлү.
Депутат мындай тенденцияны көргөн жаштар мугалимдик кесипти тандагысы келбей турганын да айтып өттү. Расмий статистикага ылайык, өлкөдө 947 предметтик мугалим жетишпей турганын кошумчалады.