Жогорку Кеңеш Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүүнү колдоду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 10 Сентябрь 2025 13:10
3534257.8c59d357c31af0b7e7915663437890a6.jpg
copyright icon www

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жалпы жыйынында Жалал-Абад шаарынын атын Манас шаары деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карашты.

Мыйзам долбоорун министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырды.

Депутат Миргүл Темирбаева бул демилгени колдоп, Манас шаарына тактыда отурган Манастын эстелигин тургузууну сунуштады.

«Бул өсүп келе жаткан муундун жана жаштардын патриоттук сезимин күчөтөт», - деди ал.

Катталган 86 депутаттын 80и "макул" деп добуш берди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты.