Жогорку Кеңеш салык карыздары боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Сентябрь 2025 17:20
nalogi.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-сентябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, маалыматты экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө, салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүүгө жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартууга багытталган.

Талкууда депутат Гүля Кожокулова салык төлөөчү салык карызын төлөбөсө, салык органы салыктык төлөм талабын коюу аркылуу салык төлөөчүнүн банктык эсептериндеги акча каражаттарынын, ошондой эле электрондук акча операторлорунда жайгашкан электрондук акчаларынын эсебинен карыздын суммасын өндүрүп алууга укуктуу деген ченемге макул болгон жок.

Өз кезегинде Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул мыйзам тескерисинче, жарандардын укуктарын коргой турганын айтты.

"Мисалы, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, таанылган карыздарды аткаруу үчүн сот аткаруучуларга жөнөтөбүз. Таанылган карыздар деген эмне? Бул соттун чечими, бул өз карызын таануу. Сот аткаруучу эмне кылат? Карыз адам өлкөдөн чыгып кетпеши үчүн аэропортту жаап, мүлкүн издеп, ал жаранга ыңгайсыздык жаратат. Ал эми биз мыйзам менен, эгерде карыз — таанылган карыз болсо, эгер ал бардык инстанциялардан өтүп, даттанып, карыздын статусу таанылган болсо, биз аны убара кылбай эле акчасын алабыз деп сунуштап жатабыз. Бул тескерисинче, карыз адам үчүн ыңгайлуу. Таанылган карыздар кээде карызкордун каалоосуна каршы таанылат. Башкача айтканда, сот Салык кызматы туура деп тапты, ал эми жаран өзүн туура деп ырастай бериши мүмкүн. Эгерде биз азыр бул норманы алып салсак да, кийин жарандарыбыз жабыркайт. Кандайча? Алар уча албай калышат, сот аткаруучулар бул карызды өндүрүү үчүн өз пайыздарын кошуп алышат", - деди ал.