Никитенко Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборун жетектейт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 09 Июнь 2026 18:25
image1.jpg

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду.

Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.