Жогорку Кеңеш Искендер Гаипкуловду БШК мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту

Жогорку Кеңеш 12 март 2025 15:08
Жогорку Кеңеш Искендер Гаипкуловду БШК мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Искендер Гаипкуловду Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды. 

Аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. 

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Искендер Гаипкуловду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.