Жогорку Кеңеш Дүйнөлүк банк менен мыйзамдарды жакшыртууну кеңешет

Жогорку Кеңеш 1999 16 Март 2026 18:34
653469143_1245769494402937_8852807475768137911_n.jpg
652339607_1245769614402925_7339228348018429892_n.jpg
651060988_1245769497736270_5599416449027756659_n.jpg
649279908_1245769627736257_3041053850058693497_n.jpg
651019861_1245769501069603_8531633083995108174_n.jpg
651263103_1245769617736258_1490641769333752983_n.jpg
653887656_1245769714402915_3492613793376552871_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Марлен Маматалиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда төрага Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташып, бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жатканын белгиледи.

"Андыктан, биз калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүп, экология, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө салуу, тоо тутумун жакшыртуу өңдүү тармактарда кызматташууга кызыкдарбыз. Ал эми Жогорку Кеңеш айрым мыйзам актылары боюнча пикир алмашып, консультациялык кеңештерди алууга артыкчылык беребиз", – деди ал.

Буга жүйө катары мамлекеттик сатып алууларга байланышкан мыйзамдарды жакшыртуу маселесине токтолду.

Ал эми Хью Риддел аталган мыйзамга карата айрым пикирлерин айтып, аны жакшыртуу жаатында сунуштары менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Тагыраагы, тараптар мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушуп, киргизилген соңку өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашты.