Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алышты.
Ага ылайык, төмөнкү мыйзам долбоорлору жактырылды:
- "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда;
Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы; - "Саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2025-жылдын 30-апрелиндеги VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жөнүндө;
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына атайын наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору жөнүндө.
Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.