Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Февраль 2026 13:19
11.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйында бир катар мыйзам долбоорлору жактырылды.

Депутаттар төмөнкү мыйзам долбоорлорун жактырышты:

  • "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда.
    Демилгечи – депутат Дастан Бекешев;
  • "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын "Сот иштери боюнча кеңеши жөнүндө", "Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдарына)" Конституциялык мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда.
    Демилгечилер – VII чакырылыштын депутаттары;
  • "Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда.
    Демилгечилер – Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары;
  • "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда.
    Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы;
  • "Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору экинчи окууда.
    Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы;
  • "Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору.
  • Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.