Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. 16-майда дарыгерлер АКШнын мурдагы президенти Жо Байденден простата рагын аныкташты. Бул тууралуу ТАСС Байдендин өкүлдөрүнүн билдирүүсүн тараткан Американын ЖМКларына таянуу менен кабарлады.
"Оорунун түрү агрессивдүү болгонуна карабастан, рак гормоналдык терапиядан кийин натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет. Президент жана анын үй-бүлөсү учурда дарыгерлер менен дарылоо жолдорун изилдеп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Американын мурдагы лидери Байден учурда 82 жашта. Ал АКШнын 46-президенти болуп 2021-жылдын 20-январынан 2025-жылдын 20-январына чейин иштеген. 2023-жылдын март айында ага теринин залалдуу шишигин алып салуу үчүн операция жасалган.