Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Канат Сагынбаевди Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндөп президенттин сунушун карады.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар талапкерге жаңы кызматтагы пландары тууралуу суроолорду берип, ал аталган ведомствонун мыкты министрлеринин бири болоруна ишеним билдиришти.
Талкуунун жыйынтыгында комитет анын талапкерлигин жактырды жана президенттин сунушун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.