ЖККУ эл аралык кырдаалдын шарттарына ыңгайлашуусу керек – Игорь Сергеенко

Саясат Загрузка... 19 Май 2025 15:53
hd-1747640680829.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек,19.05.25./Кабар/. Жаматтык коопсуздук келишим уюму эл аралык кырдаалдын өнүгүүсүнө жараша жүрүп жаткан заманбап шарттарга ылайыкташуусу керек, - деди Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйынында.

Сергеенко ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин Москвада өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына катышканы уюмдун биримдигинен кабар берерин белгиледи. Минсктеги парадга Россия, Кыргызстан жана башка мамлекеттердин аскер кызматкерлери да катышты. Бирок, ал быйылкы Улуу Жеңиштин мааракеси кыйын мезгилде белгиленгенин айтты.

"Биз дүйнөнү жаңы, ырайымсыз кайра бөлүштүрүүнүн күбөлөрү жана катышуучулары болуп баратабыз, мындай шарттарда ЖККУ эл аралык кырдаалдын өнүгүүсүнүн заманбап шарттарына ыңгайлашуусу керек. Мына ушундай жол менен биз өзгөрүп жаткан коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына өз убагында жана натыйжалуу жооп кайтара алабыз. Ушундай учурда биздин ишмердүүлүгүбүздүн артыкчылыктуу багыты биримдикти жана өз ара колдоону чыңдоо болушу керек", - деди Сергеенко.