ЖК Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызматынан бошотту

Жогорку Кеңеш 2750 03 Апрель 2025 12:26
1374961.1.1491464542.jpg
hd-1743658319481.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
1374961.1.1491464542.jpg
hd-1743658319481.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени карады. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров белгилегендей, аталган маселеге Вадим Садовниковдун кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгон.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынып, эл өкүлдөрү Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотууну колдошту.