Жогорку Кеңештин төрагасы Тажикстандын өндүрүштүк жайларында болду

Жогорку Кеңеш 2934 16 Сентябрь 2025 12:20
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
image11.jpg
image12.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
image11.jpg
image12.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандагы расмий сапарынын алкагында өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага шаарды санариптештирүү иштерин жүргүзүп жаткан “Smart City” мамлекеттик унитардык ишканасында болду.

Ишкананын жетекчилиги жасалып жаткан жумуштар боюнча кеңири маалымат берип, ишке ашырылып жаткан долбоорлорду тааныштырды. Анын ичинен “Электрондук өкмөт”, “Акылдуу экология”, “Акылдуу үй”, “Санарип экономика” сындуу долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанда да санариптештирүү саясатына артыкчылык берилип, салык, бажы, бизнес тармагынан баштап, башкаруу иштерине да заманбап технологияларды колдонуу жараяны активдүү жүрүп жатканын кошумчалады.

“Андыктан, аталган багытта Тажикстан менен биргелешип иш алып барып, тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Анткени, азыркы ааламдашкан доордо санариптештирүү саясатына өзгөчө көңүл буруу аркылуу бардык багыттагы кызматташтыгыбызды алдыга жылдыра алабыз”, – деди төрага.

Ошондой эле ичүүчү сууларды чыгарган “Сиёма” ишканасында да болуп, анда жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү.

Алсак, аталган ишкана 2019-жылы ачылып, Сиёма дарыясынан аккан сууну кайра иштетүү менен алектенет. Учурда ишканада 250дөй кызматкер эмгектенет.