Мигранттар жана унаа маселеси: ЖК төрагасы Россия элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 998 23 Февраль 2026 14:00
639034690_1229329532713600_4063368601975814435_n.jpg
638237528_1229329319380288_4523006080922311649_n.jpg
638829988_1229329316046955_4121373208846682704_n.jpg
639879251_1229329446046942_2157036944251987667_n.jpg
640538755_1229329436046943_7207175536315932173_n.jpg
641328171_1229329439380276_3685789870818912798_n.jpg
641643160_1229329312713622_6004116284848971969_n.jpg
Алдыга
Артка
639034690_1229329532713600_4063368601975814435_n.jpg
638237528_1229329319380288_4523006080922311649_n.jpg
638829988_1229329316046955_4121373208846682704_n.jpg
639879251_1229329446046942_2157036944251987667_n.jpg
640538755_1229329436046943_7207175536315932173_n.jpg
641328171_1229329439380276_3685789870818912798_n.jpg
641643160_1229329312713622_6004116284848971969_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантуу тууралуу сөз болуп, тараптар аталган багыттагы айрым маселелер боюнча ой бөлүштү.

Марлен Маматалиев Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын жана парламенттик байланыштарды жигердүү улантуу зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар, төрага жакын арада Россияга расмий сапар менен барарын айтып, бул сапар мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин жана жемиштүү болоруна ишенимин билдирди.

Ошондой эле Марлен Маматалиев кыргызстандык эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө түзүлгөн шарттарды жакшыртуу жаатындагы айрым сунуштары менен бөлүштү. Мындан сырткары, Кыргызстанда россиялык номур менен жүргөн унааларды мыйзамдаштыруу жаатында да биргелешип иш алып баруу зарыл экенин айткан төрага: "Чечилбеген маселе болбойт. Өнөктөш өлкөлөр катары ар бир маселени ачык талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу бардык маселени чечишибиз керек", – деп кошумчалады.

Өз кезегинде элчи Сергей Вакунов төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылды жана айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты эл аралык аянтчаларда да улантып, тармактык комитеттердин деңгээлинде өнүктүрүү зарыл экенине токтолушту.