ЖК төрагасы кийинки жылдан тарта медиктердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты

Жогорку Кеңеш 4514 05 Июнь 2025 15:40
image6_AyBAX2K.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
image5_ENJIoa7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
image6_AyBAX2K.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
image5_ENJIoa7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин маалымат кызматы

Бишкек, 05.06.25 /Кабар/. Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин эмгек акысын кезектеги көтөрүү 2026-жылдын январь айына пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билдирди.

“Дени сак улут – дени сак мамлекет. Андыктан, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн башкы багыты. Айрыкча калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз”, – деген төрага медицина кызматкерлеринин айлык акысы келерки жылдын январынан тарта сезилерлик деңгээлде көтөрүлөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн имаратынын абалы менен таанышкан.