ЖК Соцфонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорун 3 окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 25 Декабрь 2025 18:25
hd-1766664176796.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык жыйында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине карата бюджети жөнүндө" жана "Соцфонддун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландык мезгилине карата бюджети жөнүндө" мыйзам долбоорлорун үч окууда жактырышты.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар ошондой эле Социалдык фонддун 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту угуп, аны бекитишти.