Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министринин кызматына дайындоого макулдук беришти.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкер боюнча маалымат берди.
Белгилей кетсек, 23-декабрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, аны парламенттин кароосуна жөнөткөн.